АКШ өкмөтү ишин токтотту

20-Янв. 2018, Ишемби, 16:27

АКШда сенатта Демократтар Республикачыларга федералдык өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга тоскоол болушту. Бул тууралуу Ак үйдүн администрациясынан кабарланган.

Өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоору сенатта керектүү 60 добушту ала алган жок.

Андан улам АКШнын өкмөтү жана бардык федералдык мекемелер өз иштерин убактылуу токтотту.

АКШ өкмөтү каржысыз толук кандуу иштей албагандыктан Сенат эми жаңы мыйзам долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Келишпестиктерге DACA программасы себепчи

Демократтар бюджеттин долбооруна каршы чыгуусуна өлкөгө кичине кезинде үй-бүлөлөрү менен качкын болуп келген 800 миңдей жаш мигранттарды коргогон DACA программасы боюнча түшүнбөстүк себеп болгон.

Демократтар бюджет долборуна колдоо үчүн жашоосунун көп бөлүгүн АКШда өткөргөн DACA мигранттарынын маселесин чечүү шартын койду.

Ал эми Республикачылар бул программасы үчүн мартка чейин убакыт бар экендигин, Демократтар качкын миграттарды Америка армиясы, коомдук кызматкерлер жана Америка элинен бийик койгонун билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!