Мирзиеев: 52 жарандын өлүмүнө өлкө бийлиги жоопкер

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:45

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Казакстанда автобустагы өрттөн көз жумгандардын өлүмүнө өлкө бийлиги жоопкерчиликтүү экенин Сурхандарыя областындагы Хаким Термизи мавзолейинде сөзүндө айтты.

“Бул трагедия көп нерсени, ошону менен эл алдында карызыбыздын көптүгүн көрсөттү. Жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн эл башка өлкөдөн иш издөөгө аргасыз болгон”,-деди президент. Ошондой эле ал Өзбекстандын көпчүлүк жарандары чет өлкөлөрдө кыйналып жүргөнүн, балдарын багуу, атасына акча таап келүү үчүн иштеп жүргөнүн, көз жумгандардын көбү жаш балдар болгонун кошумчалады.

Эске сала кетсек, трагедия 18-январда болгон. Самара-Шымкент трассасында кетип бара жаткан автобус күйүп кеткен. Анда 52 адам көз жумса, алардын бары Өзбекистандын жарандары болушкан. Кырсыктан эки айдоочу жана үч жүргүнчү куткарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!