Миллиардерлердин саны олуттуу түрдө өстү

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:40

Жакырчылык менен күрөшкөн “Oxfam” эл аралык уюмунун иликтөөсүнө караганда 2017-жылы иштеп тапкандардын 82 пайызы дүйнөдөгү эң бай адамдардын чөнтөгүнө кеткен. Андан улам байлардын саны өскөнү. Аталган уюмдун бул туурасында баяндамасы 22-январда жаңыланган.

Дүйнөдөгү жакыр жашагандарга же 3,7 миллиард калкка глобалдык кирешеден эч нерсе тийген эмес. Андан улам 2016-2017-жылдары миллиардерлердин саны өскөн. “Oxfam” уюмунун маалыматы боюнча жаңы миллиардерлер эки күндө бирден пайда болуп турган жана дүйнө жүзүндө алардын саны 2043кө жеткен.

“Миллиардерлердин мындай санда пайда болушу гүлдөп жаткан экономикадан улам келип чыккан жок. Экономикалык тартиптин бузулушунан болду”,-деген “Oxfam” уюмунун директору Винни Бьяньим.

Германиядагы “Oxfam” кампаниясынын жетекчиси Йорг Калински бул боюнча абалды сынга алды. “Байлардын көп бөлүгү саясий чечимдер жана жоопкерчиликсиз жолдор менен чыгымдарды азайтат. Акционерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн өзгөчө айлык акыларды жана салыкты кыскартат”,-деген Калински.

“Oxfam” концерндерди жана байларды салык төлөөдө түрдүү амалдарын, тажрыйбаларын токтотуунн, аялдарга жана эркектерге бирдей төлөмдөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле билим берүүгө жана саламаттыкка инвестиция салууну сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!