Кассасы жок дүкөн пайда болду

23-Янв. 2018, Шейшемби, 10:36

Американын Amazon компаниясы Сиэтл шаарында кассасы жок супермаркет ачты. Бул технологияны бир жыл бою сынашкан.

Amazon Go супермаркети компаниянын штаб-квартирасынын имаратында жайгашкан. Андагы камералар жана сенсорлор элдердин текчелерден эмне алып, коюп жатканына көз салат.

Дүкөнгө барудан мурда атайын мобилдик тиркеме жүктөө керек. Соода жайына кирерде жана чыгып бара жатканда телефонду атайын турникеттен сканерлөө талап кылынат. Ал эми алган товарды бир нерседен өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Компания сатып алууда жүз тааный турган система колдонулбай турганын тастыктады.
Бул дүкөндү сыноо бир жыл мурда башталган. Алгач технология эл көп болгон учурда жакшы иштей албай жатса, көп өтпөй ал көйгөй чечилген. Бир нече ай мурда компаниянын кызматкерлери бирдей кийим кийген адамдарды киргизип, сатып алуу системасын текшерген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!