Үй-бүлө 16 чарчы метрге үй курду

23-Янв. 2018, Шейшемби, 12:18

Белоруссиялык үй-бүлө Минск шаарына жакын 16 чарчы метр аянтка ванна, ашкана, балкон, меймандар үчүн жана уктоочу бөлмөсү бар үй салды.

“Биз ижара акы төлөп батирде жашачубуз. Ага айына 350 доллар, ага кошумча коммуналдык акы төлөчүбүз. Андан улам чакан үй куруп, үнөмдөөнү туура көрдүк”,-деп айткан үй ээлери. Ошондой эле бул үйдө жылдын кайсы мезгили болбосун жашоого боло турганын айтышкан.

“Газ, электр тогу киргизилген. Дубалдар, пол минералдык кебез менен жылууланган. Курулуш материалдарына 4600 доллар жумшалды. Немис архитекторунун бир студент үчүн ылайыкталган үйдүн долбоорунун негизинде салынды. Немис үйү ар тарабы үч метрден болсо, биздики төрт метрден. Каркасы дарактардын калдыктарынан даярдалган. Кийим үчүн шкаф, керебет, текче жана каалгаларды өз колум менен жасадым. Терезе өтө эле арзанга түштү. Айнектерин сатып алганыбыз болбосо алкактарын жыгачтан өзүбүз жасадык. Курулуш материалдарын Интернеттен тапшырык кылдык”,-деди үй ээси Виктор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!