Сирияда базарлар жанданды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:18

Алеппо шаарындагы тарыхый Хан аль-Жумрук базары дале уранды астында. Антсе да эски шаардын бул бөлүгүндө жашоо жанданган сыяктуу. Ал жактарга чакан дүкөндөр ачыла баштады.

Бирок аны иштеткендер күн сайын көптөгөн кыйынчылыктарга кабылууда. Махмуд Мимех аттуу кожоюн келсе дүкөнүнүн бир дубалы кулап, бардык товарлар уурдалган. Ал көп чыгымга учурагандыктан, тынч уктай албай күзөтчү жалдоого аргасыз болгон.

Дүкөн ээлери, жергиликтүү аткаминерлер эл аралык коомчулук аскердик аракеттерге кабылган шаардын маанилүү тарыхый бөлүгүн реконструкциялоого жардам береринен үмүттөнүүдө.

Өз кезегинде Сириядагы базарга дүйнөнүн ар тарабынан туристтер келип, сувенир катары кошулмаларды, текстиль, парфюмерия жана колго жасалган буюмдарды алып турушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!