Давос: Форумдун ачылыш салтанаты

23-Янв. 2018, Шейшемби, 15:19

"Учурда глобалдык суроолорго жооп издөө үчүн акыл эс менен эле эмес, жан дүйнө, жүрөгүң менен кайрылышың керек”.

Мындай чакырыктарын Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылыш салтанатында айтты.

“Биз бардыгыбыз биригип күч жумшашыбыз керек. Ансыз бир да адам, бир да топ, ал гана эмес бир да улут глобалдык көйгөйлөргө жол таба албайт”,-деди Клаус Шваб.

Салт боюнча Давосто “Annual Crystal Awards” сыйлыгы ыйгарылат. Ал дүйнөнү жакшыртууга болгон салымы үчүн маданият жана искусство ишмерлерине берилет.

Бул жылы лауреаттар актриса жана режиссёр, БУУда качкындар боюнча ыктыярчы элчи Кейт Бланшеттке ыйгарылды.

“Биз олуттуу сандарды көрдүк. Дүйнөдө жер которгондордун саны 66 миллионго жетти. Ага лидерлердин өлкөлөрүн тынчтык менен камсыздай албаганын себеп кылып жатабыз. Эми биз миграция кризисинен чыгуунун жолдорун издешибиз керек”,-деди актриса.

Ошондой эле мындай сыйлык индиялык актёр Шахрух Ханга, британиялык ырчы Элтон Жонго берилди.

Ачылыш салтанатында “Ла Скала” театрынын бийчиси Роберто Болленин катышуусунда Вивальди жана Пьяццолланын музыкасына жазылган “Времена года” балеттик программасынын бет ачаары болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!