Жардыруу 33 адамдын өмүрүн алды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 11:35

Ливиянын Бенгази шаарында эки теракттан 33 адам көз жумса, 70 адам жаракат алды.

Маалыматтарга караганда жабыркагандардын бешөө ооруканада алган жараттарынан көз жумган. Алардын арасында полиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар бар. Азырынча аймактагы эч бир топ жардырууну мойнуна ала элек.

23-январда Ливиянын Бенгази шаарында эки жолу жардыруу катталган. Башында паспорт столунда жана шаардагы башкы мечиттердин биринде намаздан эл чыга баштаган учурда жардыруучу зат тагылган авто унаа жарылган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаал боюнча өкүлдөр, полиция жана тез жардам келгенде террорчулар дагы бир машинаны жардырган. Анда Ливиянын Улуттук армиясынын алдындагы тергөө бөлүмүнүн башчысы Ахмед Али аль-Фитру курман болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!