“Пусть говорят” берүүсүнүн каарманы Умут көз жумду

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:56

Түрк үй-бүлө камкордугуна алган россиялык экени болжолдогон Мустафа Өз Умут Анталиядагы ооруканада көз жумганын “Anadolu” агенттиги жарыялады.

“Anadolu” агенттигине Гүлсүм Кабадайы он күндөн бери Умут жандандыруучу бөлүмдө жатканын айткан.

“Умутка “полиоргандык жетишсиздик” диагнозу коюлуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткылган. Бөйрөк оорусунан улам диализ берилди. Бүгүн, 24-январда көз жумду”,-деген Гүлсүм Кабадайы “Anadolu” агенттигине.

Белгилей кетсек, 2008-жылдын август айында Акдеңиз университетинин ооруканасына документтери жок, жол кырсыгынан улам баш сөөгүнөн оор жаракат алган жигит түшкөн. Жаратарынан улам шал болуп, эс тутумун толугу менен жоготкон жана сүйлөй албай калган. Боюна карата дарыгерлер 16-17 жашта экенин болжолдошкон.
Коркутели шаарынын тургуну Гүлсүм Кабадайы ооруканага таанышына учурашканы барганда жигитти көрүп, бага баштаган. Андан соң ооруканадан үйүнө чыгарып, камкордугуна алган. Умут деген ысымды анын жашоосунан үмүт кылган жаңы үй-бүлөсү ыйгарган.

Түрк үй-бүлө Умутту орус тилине реакция кылганынан улам россиялык деп болжолдошкон. 2013-жылы анын тарыхы Россиянын Биринчи каналында "Пусть говорят" берүүсүндө баяндалган. Ага удаа Россиядан беш аял Умут жоголгон баласы экенин айтып чыккан. Бирок жаш жигит Түркиядагы үй-бүлөөдө калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!