Илон Маск айлык албайт

24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:49

Электр авто унааларын өндүргөн “Tesla” компаниясын негиздеген Илон Маск ишкананын өндүрүмдүүлүгү көздөгөн чекке жеткенче маяна, сый акы же компенсация албай тургандыгын билдирди. Компаниянын максаты 59,1 миллиард доллар чегиндеги рыноктук наркын 650 миллиард долларга жеткирүү.

Аталган компания кыска мөөнөттө ишкананын базар наркы 100 миллиард долларга, экинчи этапта бул көрсөткүч 150 миллиард долларга жеткирүүнү пландаган.

Пало-Алто шаарында жайгашкан авто унаа гигантынын учурдагы базардагы наркы 59,1 миллиард доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!