Лондон жалган маалыматтар менен күрөшөт

25-Янв. 2018, Бейшемби, 11:46

Россиялык фейктер менен күрөшүү максатында Улуу Британия өзүнчө мекеме ачты. Ал башка мамлекет жана жеке жактардан келген жалган маалыматтар менен күрөшүүгө жардам берерин өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэйдин өкүлү “Reuters” агенттигине билдирген.

“Мындай укук берилген мекеме коммуникация тармагында иш алып барат. Биз жалган маалыматтардын жана атаандашкан билдирүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз. Андан улам өкмөт коммуникацияны улуттун коопсуздугу үчүн натыйжалуу пайдалануу жагын издеп жатат”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!