Жаңжалдуу китептен 1,7 миллион нуска сатылды

25-Янв. 2018, Бейшемби, 12:16

АКШда “Огонь и ярость: в Белом доме Трампа” аттуу жаңжалдуу китептен 1,7 миллион нуска сатылды.

“РИА Новости” агенттиги басылма түрүнө суроо-талап абдан жогору экенин, басылышын күтүп жаткан кардарлар бар экенин жазды.

Эске сала кетсек, Майкл Вульффтун китеби 9-январда сатыкка чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!