Илимпоздор маймылды клондоду

25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:10

1996-жылы Долли аттуу койду клондогондон кийин буга байланыштуу дагы бир иш ийгиликтүү аяктады.

Узун куйруктуу макак тибиндеги Чжун Чжун жана Хуа Хуа аттуу маймылдар бир нече апта мурда Кытайда лабораториялардын биринде дүйнөгө келди. Бул эмгекке дүйнө адамдарды клондоого бир кадам жакындаганы катара баа берилди. Андан улам айрым катмарлар маймылдарды клондоого каршы чыгууда.

Кытайда клондоодон жаралган макак маймылдар пайда болгондон бери адамдарды клондоонун маанилүү баскычы башталганы айтылууда.

“Sputnik” кабар агенттигине илимпоздор генетикалык жактан маймылдар адамдарга окшош болгондуктан түрдүү оорулар боюнча изилдөөдө бул жаныбарлар ишке жарай тургандыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!