Бир туугандарын көмө албай мумиялап салган

25-Янв. 2018, Бейшемби, 16:31

Москва областында 77 жаштагы аял көп жылдар мурда көз жумган эркек жана кыз бир тууганын мумиялап, батиринде сактаганы белгилүү болду.

Россиянын Тергөө комитети Москва областындагы Подольск шаарынан жүрөктүн үшүн алган окуяны ачыкка чыгарды. Анда 77 жаштагы аялдын үйүнөн одеялдарга оролгон эки мумия табылды.

“Жаназага каражатым жок болчу”

Тергөө комитетинин кызматкерлерине мумиялар 8-9 жыл мурда көз жумган эркек жана кыз бир туугандары экендигин белгиледи. Ошондой эле улгайган аял жаназага жумшоого каражаты болбогонун, андан улам сөөктөрдү үйүндө сактоодон башка аргасы калбаганын айтты.

Кармалган аял психикалык ооруканага жаткарылганы белгилүү болду. Ал эми адистер мумияланган адамдардын өлүмүнүн себептерин, көз жумган күндөрүн белгилөөгө киришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!