Трамп Грин картты жоюну сунуштайт

26-Янв. 2018, Жума, 14:02

АКШнын президенти Дональд Трамп комплекстүү иммиграция саясаты боюнча оңдоолорун келерки аптада Конгресске сунуштаганы турат.

Пландын алкагында Ак сарай жыл сайын ондогон өлкөдөн жүз миңдеген адамдардын АКШда жашоо укугу менен камсыз кылган Грин карт лотереясын толугу менен жоюп салуу каралган.

Трамп 2017-жылдын ноябрь айында сүйлөгөн сөзүндө Грин карт лотереясы токтотулаарын айткан. “Жаман адамдарды алып келе турган лотереяларды каалабайбыз. Өлкөлөрү каалабаган адамдар бизге жиберилип жатат”,-деген.

1990-жылы Жордж Буш мезгилинде Республикачыл жана Демократ Конгресс мүчөлөрүнүн колдоосу менен кабыл алынган Грин карт лотереясы аркылуу АКШ жыл сайын 50 миң мигрант кабыл алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!