Давос: Крипторесурстарга терс көз караштар

26-Янв. 2018, Жума, 15:58

Давос форумунун катышуучулары крипторесурстар тууралуу терс көз карашта. Анда өзү кандай экени белгилүү боло элек акчаны кантип көзөмөлгө алынары талкууга түштү.

“Заманбап технология албетте жакшы, бирок ага көзөмөл зарыл”,-деген финансисттер бир дем менен мындай ресурстарды валюта деп айтканга мүмкүн болбой тургандыгын айтышты. Ошондой эле алар санариптик акчанын курсунун тездик менен өзгөрүлгөнүнөн улам бул кептер чыкканын белгилешти.

Швециянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Сесилия Скингсли “Крипторесурстар биз көрүп тургандай натыйжалуу эмес. Алар төлөм каражаттары катары пайдаланууга ыңгайсыз. Буга окшогон ресурстарды ким канча чогултар өз иши. Бирок бул акча эмес”,-деди.

Банкирлер мындай абал өздөрү үчүн жакшы эместигин жашырышкан жок. Ал эми өкмөттөр крипто валюталардын айлануусу салттуу алкактардан тышкары экенин эске алып, кылмыштарда колдонулуп кетеринен кооптонууда. Мындан улам крипторесурстарды көзөмөлдөө жолдорун табуу алдыда чоң максат сыяктанат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!