Lego 60 жашта

27-Янв. 2018, Ишемби, 13:40

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн башталган курулуш аракеттери бүгүнкү күндө балдар эң көп ойногон оюнчуктун келип чыгышына өбөлгө болду.

Даниялык чебер Готфрид Кирк Кристиансен ойлоп тапкан желим оюнчук кирпич кыска мөөнөттө бүтүндөй дүйнөгө тарады.

28-январда 60 жашка чыга турган Lego бүгүнкү күндө дүйнөдөгү таанымал маркалардын бири. “Brand Finance” фирмасынын маалыматына караганда Lego 2015-жылы “Ferrari” компаниясынан озуп, дүйнөдөгү эң күчтүү марка болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!