Сталин тасмасын көрсөткөндөргө айып пул салынат

27-Янв. 2018, Ишемби, 14:02

Россияда көрсөтүүгө тыюу салынган “Сталиндин өлүмү” тасмасы жүрүп жаткан кинозалды полиция текшерүүгө алды. 25-январдан башталган фильмдин 3-февралга чейинки билеттери сатылып кеткен.

Москванын борборундагы Пионер кинотеатрына барган куралчан полиция бул учурларды сүрөткө тартып алды.

Өлкөнүн Маданият министрлиги кино театрлара айып пул салынарын, жабыларын эскерткен.

Пионер кинотеатры каршылыктарга карабастан көрсөтүүлөрүн улантаарын жарыялады.

Белгилей кетсек, Сталиндин өлүмүнөн кийин болгон бийликтеги көрүнүштөрдү чагылдырган комедия жанрындагы тасмага өлкө жетекчилери “Россияга карата акаарат” деген негизде тыюу салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!