Кароосуз гараждан кымбат унаалар табылды

27-Янв. 2018, Ишемби, 14:57

Гараж ээси бузууга буюрганга чейин 30 жыл бою унааларга эч ким тийген эмес.

“The Barn Find Hunter” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу бакча буюмдарына толгон гараждан 1960-жылдары чыккан “Ferrari 275 GTB” жана “Shelby Cobra 427” үлгүсүндөгү эки классикалык спорттук унааларды тапкан.

“Ferrari 275 GTB” машинасынын капотунда 290 аттын күчүнө барабар 3,3-литрлик V12 кыймылдаткычы жайгашкан. Анын максималдуу ылдамдыгы саатына 260 чакырым аралыкты багындырат. Ал эми экинчи оригиналдуу “Shelby Cobra” унаасында жети литрлик кыймылдаткычы бар. 431 аттын күчүнө барабар болуп, максималдуу ылдамдыгы саатына 262 чакырым.

Мындай машиналардын баасы эки миллион доллардан 4 миллион долларга жетери болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!