Тажикстан адал эмес эттерди кабыл албайт

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:50

Өлкөнүн Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматы адал болбогон эт азыктарын алып келүүгө тыюу салды. Аталган мекеменин жетекчиси Тоджибек Норов чет жактан эт ташыгандар тажик бийлигинин аккредитациясынан өтүшү керектигин белгиледи.

“Мындай уруксат үчүн биздин адистер өндүрүштүн өзүнө барып, жакындан таанышуусу керек. Ошондой эле азыктарда “Халал” маркировкасы болуусу шарт. Ошондо гана этти Тажикистанга киргизе алат”,-деди Норов.

Ошондой эле ал мындай чараларды көрүүгө өлкөнүн эли исламдын мыйзамдары менен союлбаган малдын этин жебей турганы себеп болгонун кошумчалаган.

Эт продукциясы Тажикстанга биринчи кезекте Индиядан, Россиядан, бир аз бөлүгү Түркия менен Казакстандан келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!