Эксперттер: Жумушчу орундарды роботтор ээлейт

30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:04

2030-жылы Улуу Британияда ар бир бешинчи жумушчу орунду роботтор ээлеп калат. Мындай тыянакты “Centre for Cities” илим изилдөө институтунун окумуштуулары чыгарышты.

“The Sun” гезити белгилегендей эмгек рыногундагы мындай өзгөрүүлөрдөн көбүнчө Англиянын түндүгүндөгү тургундар жабыркайт.

Автоматташтыруу көбүнчө тапшырык берүүчүлөргө жана кардарларга, дүкөндөрдүн кампаларында эмгектенгендерди жумушсуз калтырат. Ошондой эле автоматташтыруу жана роботтоштуруу процесстеринен улам адамдардын оюна келбеген жаңы кесиптер пайда болот.

Баяндаманын авторлору өкмөт рыноктун талабына ылайык кесип ээлерин даярдоо үчүн билим берүү системасын толугу менен реформалоону сунуштаган. Ал эми чоңдор үчүн эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бергидей программаларды иштеп чыгышы керектиги белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!