Кремль: Путин менен эч ким жарыша албайт

30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:52

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков оппозиция лидери Алексей Навальный Путинди ойлондура тургандай атаандаш эместигин айтты.

“Владимир Путин 18-мартта өтө турган президенттик шайлоодо жеңишке оңой жетет. Ал коомчулук тандаган лидер. Бул жагынан эч ким ага атаандаш боло албайт”,-деди.

Ал эми “Навальныйды коркунучтуу атаандаш катары эсептейсизби?”,-деген суроого “Андай деп айта албайм”,-деп жооп берди.

Шайлоого талапкерлиги катталган эмес

Навальныйдын адвокаты Москвада өткөн митингде оппозициянын лидери камакка алынганын, кечке маал бошотулганын айтты.

Россиянын Борбордук шайлоо комитети Алексей Навальныйдын президентикке талапкерлигин коюу боюнча кайрылуусун кабыл алган эмес. Паракорчулук айыптарынан улам абакта жатканын ага себеп кылышкан. Талапкерлиги катталса ал Путинге күчтүү атаандаш болору болжолдонуп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!