Почточу башкалардан катты 8 жыл чогулткан

30-Янв. 2018, Шейшемби, 16:43

Италиянын Виченц шаарындагы почточу сегиз жыл башкалардын катын үйүнө катып келгенин өлкөнүн маалымат каражаттары жазды.

Макулатура катары 25 куту жалаң каттардан турган кагаз алган экологиялык борбордун ыктыярчылары бул боюнча полицияга кайрылган.

Издөө учурунда жарым тоннадай каттар табылган. Арасында банктан келген маалымдамалар, эскертүүлөр, жарнама барактары, телефон жана электр кубаты үчүн эсептерди ал адам 43 кутуга батырып, гаражына сактаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!