Шаарды чычкан каптап жатат

31-Янв. 2018, Шаршемби, 13:05

Тегеранда жер титирөөдөн улам чычкан көйгөйү пайда болду. Шаар тургундары үчүн бул абанын булгануусунан кийинки экинчи чоң маселеге айланды. Ансыз да миллионго жеткен кемирүүчүлөрдүн саны күн сайын өсүүдө. Шаар жетекчилиги күрөшүп жаткандар Норвегия чычканы деп аталары белгилүү болду.

Статистикалык маалыматтарга караганда аймакты 50 миллион чычкан байырласа, аларды жок кылуу боюнча иштелип чыккан долбоорлор жетишсиз болууда.

Адистердин айтымында чычкандын мындай түрлөрү мышыктардан, ал тургай адамдардан да коркпойт. Булардын көбөйүүсүнө көчөлөрдөгү таштандылар себеп болгону баса белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!