Трамп мигранттарга жарандык береби?​​

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:10

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө өлкөгө бала кезинде келген 1,8 миллион качкынга жарандык берүүнү сунуштады. Ал үчүн алар жетиштүү билим деңгээлин, жакшы сапаттарын көрсөтүшү керектигин кошумчалады.

“Биздин система бул жакка ата-энелери кичине кезинде алып келген 1,8 миллион мыйзамсыз иммигранттарга багытталган. Алардын саны мурдагы администрация айткандан да көп экен. Биздин план боюнча билими, эмгеги, адамдык сапаттары боюнча талаптарга жооп берсе, алар АКШнын толук кандуу жарандарынан боло алат”,-деди.

Ошондой эле Конгрессти өлкөгө кылмышкерлер келбей тургандай мыйзам кабыл алууга чакырды. “Биз жаман нерселер кайталанбаш үчүн иммиграцияга, миграциядагы агенттерге, чек ара көзөмөл кызматтарына көмөк көрсөтө тургандай жаңы мыйзамдарды сунуштап жатабыз”,-деди АКШнын лидери.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!