“Reuters” бир бөлүмүн сатат

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:44

Англиядагы “Thomson Reuters” кабар агенттиги каржы профессионалдары үчүн маалымат, кабар жана анализ бөлүмүнүн 55 пайызын АКШдагы “Blackstone” инвестициялык компаниясына сатууну пландап жатканы белгилүү болду.

Аталган агенттик бул боюнча кабарларды тастыктады. Аталган агенттиктин каржы жана тобокелчилик бөлүмүнүн 2016-жылдагы жүгүртүүсү 6,1 миллиард доллар болгон. Башкача айтканда жылдык кирешесинин жарымынан көбүн камсыз кылган.

Макулдашууга ылайык “Reuters” бул бөлүмүнүн 45 пайыз акциясы кармап туруусун улантат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!