Акча ташыган учак уурдалды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 12:14

Колумбияда куралчан адамдар унаа жолдору үчүн төлөнгөн 610 миң долларды алып бара жаткан чакан карго учагын уурдашкан.

Өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгынан келген билдирүүгө ылайык “AeroGalan” ишканасына таандык “Cessna Piper PA34” тибиндеги чакан карго учагын “Aguachica” аэропортуна конору менен качырып кетишкен.

Окуя болору менен аба майдандагы учак каттамдары токтолду. Коопсуздук күчтөрү экипажы менен кошо уурдалган учакты издөөнү улантууда.

Жарандык авиация башкармалыгы канча акча алынганын айта элек. Ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары учакта 610 миң доллар болгонун жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!