Кечиккен аткаминер кызматынан кетүүнү чечти

1-Фев. 2018, Бейшемби, 14:51

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кечиккенинен улам кызматынан кетүүнү суранган жетекчинин арызын кабыл алган жок.

Эл аралык мамилелерди өнүктүрүү министринин орун басары Майкл Бейтс лордор палатасындагы жыйынга кечиккени үчүн кызматынан кетүүнү чечкен.

“iTV” телеканалынын маалыматына караганда Бейтс кечиккенине байланыштуу коомдогу теңсиздикти жоюу стартегиялары боюнча талкууга катышпай калган.

“Менин өз ордумда болбогонум абдан уят. Токтоосуз түрдө кызматтан кетишим керек. Кечиресиздер”,-деген.

Премьер-министр Тереза Мэй Бейтстин мындай кадамына баа берип, аны өкмөттүн ак ниеттүү мүчөсү деп атады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!