Жекшембиде дүкөндөр жабылат

1-Фев. 2018, Бейшемби, 16:24

Польшанын президенти Анджей Дуда 30-январда өлкөдөгү дүкөндөрдүн жекшемби күндөрү иштөөсүнө тыюу салган буйрукка кол койду. Анда Рождество жана Пасханын алдында соода саат 14:00дө токтотулары кошумчаланган.

Бул тыюулар Интернет-дүкөн, дарыкана, май куючу жайлардагы дүкөндөргө, нан сатуучу жерлерге тиешелүү болбошу мүмкүн.

Мыйзам этабы менен күчүнө кирет. Алгач 2018-жылы эки жекшембиде дүкөндөр иштебейт. 2019-жылы үчтөн, ал эми 2020-жылы жекшемби күндөрү бардык соода жайлары жабык болот.

Буга чейин расмий майрамдар жекшембиге туш келгенде гана соода борборлорунда, супермаркеттерде иштегендер эс алчу.
Мындай демилгени Католик чиркөөлөрү жана "Солидарность" профсоюздук уюму көтөргөн. Алар соода кызматындагылар жекшемби күндү үй-бүлөөлөрү менен бирге өткөрүүсүн каалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!