Алгачкы рентгендик спутник ишке кирди

2-Фев. 2018, Жума, 11:11

Жети айлык сынактан кийин Кытайдын алгачкы рентгендик астрономиялык “Huiyan” спутниги расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Орбитада өткөрүлгөн сыноодо Huiyan асман телолорун сканерлегенге жетишкен.

Ошондой эле кара тешиктер жана нитрон жылдыздары боюнча алгачкы байкоолорун баштады.

Келечекте Саманчынын жолунун чегиндеги кара тешиктерге жана нитрон жылдыздарына көз салып, алардын келип чыгуусун, эволюциясын изилдемекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!