Жаңылануучу энергия көмүрдү артка калтырды

2-Фев. 2018, Жума, 12:43

Европада өткөн жылы шамал, күн жана биомасса сыяктуу альтернативдүү булактардан өндүрүлгөн электрдин өлчөмү көмүрдөн алынган электрдин өлчөмүнөн ашты.

Брюссель жана Лондондо жайгашкан “Sandbag” уюмунун 2017-жыл боюнча билдирүүсүндө Европада шамал, күн жана биомассадан өндүрүлгөн электрдин өлчөмү 12 пайыза өсүп, 679 тераватт саатка жогорулаганы жазылган.

Өткөн жылы Европада жалпысынан 3 миң 244 тераватт саатка жеткен электр өндүрүшүнүн 20,93 пайызы шамал, күн жана бомассалардан, 20,62 пайызы таш жана күрөң көмүрдөн камсыз болгон.

Жаңылануучу булактар боюнча эң көп салымды Германия жана Англия кошкон. Бул эки мамлекет шамал станцияларына инвестицияны жакшы жумшаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!