Ат үстүндө сейилдеген мышык көп көрүүчү тапты

2-Фев. 2018, Жума, 15:06

Интернетте ат үстүндө сейилдеп жүргөн мышык тууралуу видеону 700 миң адам көрдү. Жаныбарлардын ээси жарыялаган роликтеги Луи аттуу мышык Улуу Британиядагы Девон графтыгындагы машыктыруучу (дрессировщик) Эмма Мессингейлдин колуна кичинесинде келген. Досунан алган сиам мышыгы келери менен ээсине кошулуп атканага барганды жактырган. Чоңоеру менен өзүн аткананын ээси, ал эми жылкылар ага таандык болгондой сезчү.

Эмманын айтымында жылкылар да Луини жакшы көрүшкөн. "“Комета" аттуу жылкынын мүнөзү абдан токтоо. Луи аны менен көп убакыт өткөрөт. Токойдун абасы жаккандыктан Кометанын жонуна отуруп, сейилге чыгат. Экөө жакшы тил табышат. Токтош керек болгондо Луи анын жонунан тиштейт. Антсе Комета токтойт. Эгерде мышык сейилдөөдөн тажаса секирип түшүп, өз бетинче кетет”,-деген кожоюн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!