Түркмөнстанда суук -20 градуска жетти

2-Фев. 2018, Жума, 15:54

Катуу суук Түркмөнстанга жетти. Ызгаар өзгөчө аймактардагы элге түрдүү көйгөлөрдү жаратууда. Айрым чарбаларда суу тоңгондуктан малды сугаруу кыйындаса, сатуучулар жашылча жемиши жылуулаганга карабай жараксыз абалга келгенинен арызданууда.

Коммуналдык тармакта кыйынчылыктар жетиштүү. Электр жарыгы үзгүлтүккө учурагандан улам көпчүлүк мектептерде окуу токтогон.

Суук аба ырайы өлкөнүн көптөгөн аймактарына таасир этип жатканын, өлкө эли кабылган кыйынчылыктар тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлай элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!