Жоолугун чечкен 29 аял камалды

2-Фев. 2018, Жума, 16:25

Иранда жоолук салынууга каршы чыгып, оромолдорун алып салган 29 аял камалганы белгилүү болду.

Тегеран полициясы жарыялаган билдирүүдө “Жоолуктарын алып салган 29 аял полиция тарабынан кармалып, тиешелүү органдарга тапшырылды”,-деп жазылган.

Аларга карата “алданган адамдар” деген түшүнүктү колдонгон күч органдары нааразы тарап “Ак шаршемби” деп атаган өнөктүктүн алкагында жоолуктарын алып салганын белгилеген.

Оромолчон жүрүү талап кылынган Иранда эрежеге баш ийбегендер акчалай айып төлөшөт же абакта жаза өтөөгө аргасыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!