Путин: "Трактор айдайм"

2-Фев. 2018, Жума, 17:23

Президенттике дагы бир ирет талапкерлигин коюп жаткан Владимир Путин трактор чыгарган заводго зыяратында шайлоодо жеңишке жетпесе тракторчу болорун айтты.

“Эгер иштер оңуна чыкпай, муктаждык болсо 18-марттан кийин бул жакка келип трактор айдап иштейм”,-деп тамаша салды.

“Ростсельмаш” заводунун жетекчиси Константин Бабкин Путинге “Албетте, болот. Бул маселе эмес”,-деп жооп берди.

Владимир Путин 18-марттагы шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышаарын, партиялардан колдоо күтөөрүн айткан. Саясий өнөктүктө аны менен Либерал демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский, теле алып баруучу Екатерина Гордон, ишкер Сергей Полонский жана журналист Ксения Собчак ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!