Санарип сансыз адамдын ишин алат

3-Фев. 2018, Ишемби, 11:52

“Frankfurter Allgemeine Zeitung” гезити “Bitkom” IT өнөр жай федерациясынын маалыматына таянып, Германияда санариптешүүдөн улам келерки 5 жылда 3,4 миллион адам жумуштан бошорун жазды.

Анда роботор жана алгоритмдер иштердин көбүн аткарарын, өлкөгө жаңы жумуш орундары жана бул боюнча формулалар менен бул процесстерге даярдык көрүү зарылдыгы белгиленген.

Өлкөдө 33 миллион адамдын камсыздандырылып иштеп жатканын эсепке алганда бул ар бир он кишиден бирөө ишсиз каларынан кабар берет. 20дан ашык адам иштеткен төрт ишкананын бири санариптешүүдөн улам жабыларын эске салат.

“Bitkom” федерациясынын маалыматына караганда 90-жылдарда 200 миң адамды иш менен камсыз кылган телекоммуникация ишканаларында бүгүнкү күндө 20 миң адам эмгектенет. Бул жумуш орундары 90 пайызга кыскарганынан белги берет.

Кабарда бул ыргактагы өзгөрүү коркунучу тооруп турган тармактарга банк, камсыздандыруу, дары-дармек жана химия өнөр жайлары киргизилген. Айрыкча келерки 20 жылда бүгүнкү күндөгү кесиптердин жарымы жок болору болжолдонгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!