Директор окуучуларды от менен сынаган

3-Фев. 2018, Ишемби, 16:04

Индияда мектеп директору 13 окуучуга чындыкты айтыруу үчүн колун шамга кармаган. Бул боюнча ата-энелер арызданып, полицияга кайрылган.

Өлкөнүн чыгышындагы Жаркханд штатында мектептин директору Сушанти Хембром 9 жаштагы окуучунун бирөө башка классташынын акчасын алып албаганын билүү үчүн ушундай ыкмага барган.

“BBC” Индия кызматынына полициянын айткандарына караганда Хембром күнөлүү окуучуну табуу үчүн ушундай ыкма колдонгон.

Анда бирөө да мойну албагандыктан бардык окуучулардын колун шамдын ысыгына кармаган. Айрымдары колдорун тез тартып алганы менен жаратар пайда болуп, айрымдары ооруканага кайрылган.

Хембром туура эмес кылганын мойнуна алып, ата-энелерден кечирим сураганы белгилүү болду.

Индиянын мектептеринде окуучулардын денесине оорчулук келтирип жаза колдонууга тыюу салынган. Антсе андай көрүнүштөр кеңири жайылган.

Айрым мектептерде кийимдерин чечкен жазалоо ыкмасы колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!