Ар бир ымыркайга арналып дарак тигилет

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:35

Астанада “Ар бир төрөлгөн ымыркайга – дарак” аттуу акция башталганы акимиаттын расмий порталына жарыяланды.

Анда шаардын жашыл алкагын колдоо максатында жыл бою ар бир жаңы төрөлгөн балага арналып бак тигилет. Ошондой эле балдардын ата энелери дарак кайда экенин биле алышат.

Мындай оригиналдуу ыкма аркылуу жергиликтүү бийлик жаш муунду айлана чөйрөнү коргоого, экологияны сүйүүгө чакыргысы келет. Ошондой эле шаар тургундарына экологияга мамиле кылуу маданиятын үйрөтүү болуп саналат.

“Ымыркайларга арнап дарак отургузуунун түпкү маңызы жашоону символу, ийгилик жана тынымыз өсүүнү түшүндүрөт. Ошондой эле шаардын жашыл алкагын камсыз кылууга, табигый экосистеманын жакшырышына өбөлгө түзөт”,-деп белгиленген шаардагы жаратылыш ресурстары башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда отургузулган дарактардын схемасы түшүрүлгөн куттуктоо баракчалары №1, 2, 3 төрөт үйлөрүндө жарыкка келген 1107 ымыркайдын ата-энелерине тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!