Сол кол менен тамак жегенге болбойбу?

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:11

Түркияда мусулмандар тамак-ашты сол кол менен ичип жесе болбойт. Дене түзүлүшүндө жетишсиздик болгон адамдар гана сол кол менен тамак жей алат. Мындай фатваны Дин иштери боюнча башкармалык чыгарган.

Анда ата-энелерге балдарына кичинесинен бул эрежелерди үйрөтүү кеңеш кылынган.

Мухаммед пайгамбар тамак ичүүгө байланыштуу жалпы принциптерде сол колду пайдалануу жагымсыз экенин айткан. “Сол кол менен шайтандар тамак ичет, андыктан оң кол менен тамак жегенди үйрөнүү керек”,-деп белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!