Технологиядагы алптарга каршы күрөш башталды

6-Фев. 2018, Шейшемби, 16:29

Google жана Facebook тармагында мурда иштеп кеткендер социалдык медианын терс таасирине көңүл бурдуруу максатында миллиондогон долларлык долбоор баштады.

Бул өнөктүктү Адамдардан турган технология борбору жана балдар үчүн кооптуу технология менен күрөшкөн “Common Sense” жарандык коому жүргүзүүдө.

Борборго “Facebook” тармагын негиздеген Марк Цукербегге бир учурларда кеңешчи болуп эмгектенген Роджер Макнейми жана Mozilla ишканасында мурда иштеген адамдар тарабынан колдоо көрсөтүшөт. Булардын катарын “Facebook” тармагынын “жактыр” баскычын тапкан Жастин Рознстейн да толуктайт.

Долбоордун демилгечилеринин бири, бир учурларда Google корпорациясында кеңешчи болуп эмгектенген Тристан Харрис гезитке берген маегинде интернет компанияларынын учурдагы таасиринен тынчсызданарын айткан.

“Эки миллиард адамдын (Google борборунда иштегендрдин саны) 50 киши тарабынан башкарылып жатканын эч ким өз алдынча ойлоп көргөн жок”,-деген.

Англиядагы “Daily Telegraph” гезитинин кабарына ылайык “The Truth About Tech” (Технология тууралуу чындык) аттуу кампанияда акылдуу телефонду көп колдонгон балдар үчүн медиага көз карандылыкты алдына ала тургандай кадамдарды көбүрөөк жасоо талап кылынган.

Өнөктүктүн алкагында АКШдагы 55 миң мектепке социалдык медианын таасирин түшүндүргөн материалдар жөнөтүлөт. Анда социалдык медиа тиркемелерин ашыкча пайдалануу депрессияга алып келерин түшүндүргөн жарнамалар камтылган. Буга 50 миллион доллар бюджет бөлүнөт.

Уюштуруучу топ Интернет сайтында “Коомчулугубуз технология тарабынан бузулуп жатат. Адамдардын көңүлүн буруу үчүн башталган жарыш коомчулугубуздун акыл эстин саламаттыгы, демократия, социалдык мамилелер жана келечек муун сыяктуу тирөөчтөрүн жок кылууда”,-деген сөздөргө орун берилген.

Facebook, Twitter, Instagram жана Google пайдалуу делген нерселерди жаратты. Бирок акча табышы керек болгон бул комапиниялар ошол эле мезгилде адамдардын көңүлүн бурдуруу жагынан жарышка түшкөнсүйт.

Технологиядагы алптар өзгөчө балдарга жана жаштарга жаңы платформаларды жаратууда. Маселен кичинекейлерге арналган “YouTube Kids” платформасын көргөндөр зомбулуктарды камтыган видеолор тууралуу кеп кылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!