Космосто бадминтон боюнча мелдеш башталды (видео)

6-Фев. 2018, Шейшемби, 17:03

Эл аралык Космос станциясында бадминтон боюнча биринчи космостук турнир башталды. Ага россиялык космонавтар жана NASA жана JAXA аэрокосмикалык агенттиктеринин астронавттары катышып жатканын Россиянын бадминтон федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Оюндар атайын космостук эрежелердин негизинде өтүүдө.

Мелдешке космонавттар Александр Мисуркин (Роскосмос), Антон Шкаплеров (Роскосмос), астронавтар Жозеф Акаба (NASA), Марк Ванде Хей (NASA) жана Норишиге Канаи (JAXA) катышууда.

Белгилей кетсек, Александр Мисуркин космонавтика күнүнө арналып жыл сайын уюштурулган “Жылдыздуу волан” турниринин эки жолку чемпиону.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!