Марска спорттук унаа учурулду

7-Фев. 2018, Шаршемби, 12:05

AКШдагы космос түзүмдөрүн жана ракета өндүргөн “SpaceX” ишканасынын негиздөөчүсү Илон Масктын аракети менен 7-февралда дүйнөдөгү эң күчтүү ракета Флорида штатындагы Кеннеди космодромунан учурулду. Ага 90 миллион доллар жумшалган.

АКШ 45 жыл мурда Айга адам жибергенден берки алгачкы ирет мындай масштабдагы ракета космоско жөнөтүлдү.

Аны көтөрүүгө пайдаланылган ракеталардын үчөө Жерге кайтып келсе, бирөө жолдо бузулган.

Илон Маск учаар алдында сыноонун ийгиликтүү аяктоо ыктымалдыгы 50 пайыз экенин айткан.

“SpaceX” ишканасы өндүргөн Falcon Heavy ракетасы Масктын Tesla спорттук унаасын космоско ала кетти. Кызыл өңдөгү унаадагы айдоочунун ордуна космонавтын кийимин кийгизген маникен отургузулган.

Жетекчи спорттук унаа Марс планетасынын орбитасына жайгаштырыларын, унаадагы түзүмдөн Девид Бовьенин “Space Oddity” атуу ыры жаңыраарын айткан.

Спортук унааны алып жөнөгөн капсула Марстын орбитасына жетип жетпегени учкандан жети саат өткөндө белгилүү болот.

Маск журналисттерге берген маалыматында “Унаа дүйнөдөн 400 миллион чакырым алыска кетти. Ал секундасына 11 чакырым жол басат жана ал жакта жүз миллион, ал тургай миллиарддаган жыл каларын болжоп жатабыз”,-деген.

SpaceX ишканасынан “Falcon Heavy” ракетасы “Boeing 737” учагын космоско жеткире тургандай күчкө ээ экени белгиленген.

NASAда адамдарды Айга, андан соң Марска алып бара турган “Space Launch System” (SLS) аттуу ракета жасалууда. Долбоордогу айрым мүчүлүштүктөрдөн улам ал 2020-жылы сынактан өтөөрү күтүлүүдө.

Узуну 70 метрге жеткен “Falcon Heavy” ракетасынын ийгиликке жеткени АКШнын чалгын кызматынын жана армиясынын спутниктерди пайдалануусуна, Марстын бетине акылдуу роботторду, Юпитер, Сатурн планеталарына спутниктерди жиберүүгө жол ачат.

“Falcon Heavy” долбоору алгач 2011-жылы жарыяланган жана алгачкы учууну 2013-жылга пландаган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!