Жер титирөөдөн төрт адам көз жумду

7-Фев. 2018, Шаршемби, 13:24

Тайвандын чыгышында күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Жаратылыш кырсыгында 4 адам көз жумган.

Жергиликтүү саат 23.50дө болгон зилзалада Хуалянь уездиндеги айрым имараттар урап, жолдор бузулду.

Акыркы маалыматтарга караганда 225 тургун жаракат алган. 40 миң үй суусуз, эки миңге жакын турак жай жарыксыз калган.

Өрт департаменти ураган 12 кабаттык имараттагы 143 адамды куткаруу иштери жүрүп жатканын, ага аскерлер тартылганын кабарлаган.

Эки тектоникалык плиталардын ортосунда жайгашкан Тайванда жердин силкинүүсү көп катталат.

Зилзала болгон Хуалянь шаарында 100 миңдей адам жашайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!