Крипто акчалардын чөгүүсүнө себептер

7-Фев. 2018, Шаршемби, 16:11

Наркы көбүрөөк төмөндөгөн крипто акча Биткоин болду. 2017-жылдын аяктарында 20 миң доллардан ашкан Биткоин 8 миң доллар болуп, наркы түштү. Кунун жоготкондордун арасында Ethereum жана Ripple да бар.

Адистер Азия экономикаларында Биткоинге мамлекеттердин кийлигишүүсү жана ал боюнча жоболорду чыгаруу боюнча тынчсыздануулары, аны менен бирге санариптик акча бирдиктерине кибердик кол салуу, уурдоо сыяктуу тобокелчиликтер таасир этип жатканын белгилди.
34.6 пайызга төмөндөдү
Биткоин 8 миң доллар болуп, акыркы апталарда эң төмөнкү чекке жетти. Биткоиндин наркы 7 миң 540 долларга чейин төмөндөгөн болсо, күнүмдүк жоготуу 16.3 пайызды түздү. Акыркы 5 күндөгү жоготуулар 34.6 пайызга жеткен Биткоин 18-ноябрдан ушул мезгилге эң төмөнкү наркы болду.

Адистер Биткоиндин наркынын төмөндөөсүнө жобо киргизүү жана кибердик коопсуздук боюнча тынчсызданууларга байланыштырды.

Өткөн айда Кытай, Түштүк Корея жана Индия өкмөттөрү санариптик акча бирдиктерине жаңы жоболор киргизилерин жар салган. Жакында эле Япониядагы “Coincheck” санариптик тармагына кибердик кол салуу болуп, 530 миллион доллар наркында Биткоин уурдалган.

Ethereum 900 доллар болуп төмөндөдү
Kрипто акчалардан Биткоин эле наркын жоготкон жок. Акыркы бир ай ичинде 1500 долларга абдан жакындаган, андан соң төмөндөөлөргө учурагандардын бири Россиянын көзөмөлүндөгү Ethereum. Ал акыркы 7 күндө 23 пайыз наркын жоготту. Башкача айтканда куну 900 долларга чейин төмөндөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!