Германиядан жакшы жаңылык

8-Фев. 2018, Бейшемби, 12:27

Европа биримдигиндеги Германиянын өнөктөштөрү Берлинде коалициялык келишимге жетишкенине кубанууда. Көп айлардан бери алар немис партияларынын ортосунда сүйлөшүү ийгиликке жетпей жатканынан тынчсызданып жатышкан.

Акыры консерваторлор жана социал-демократтар бир пикирге келишти. Бул Германия үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн жакшы жаңылык.

Экономикалык суроолор боюнча еврокомиссар Пьер Московиси “Эгерде Берлинде туруктуу, бекем, амбициялуу, Европаны жактаган өкмөт болсо, барыбызга Европанын келечегин бирге ойлоонууга, бирге чечим чыгарууга өбөлгө болот”,-деди.

Германияда төрт жарым айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин парламенттик коалиция түзүлгөнү калды. Канцлер Ангела Меркел жетектеген Христиан-демократтар партиясы менен Бавариянын Христиан-социалдык партиясынан куралган саясий биримдик же Мартин Шульцтун Социал-демократтар партиясы коалициялык келишим түзүп, жаңы өкмөттүн курамын чогуу аныктамак болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!