Криптовалютадан байыгандардын тизмеси чыкты

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:52

“Forbes” журналы өз тарыхында байлыгы криптовалюта менен байланыштуу ишкерлердин рейтингин чыгарды. Алгачкы тизмеге капиталы 350 миллион доллардан 8 миллиард долларга жеткен 19 адам жазылды.

Финтех-ишкер жана Ripple сервисин түзүүчүлөрүнүн бири Крис Ларсен 7,5-8 миллиард доллары менен рейтингдин лидери болду. Экинчи орунга Ethereum санариптик валютасын негиздөөгө жардам берген Жозеф Люблин илинди. Анын байлыгы 1 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин бааланды. Үчүнчүлүккө материалдык абалы 1,1 миллиарддан 2 миллиард долларга жеткен Binance криптовалюта биржасын негиздеген Чанпэн Чжао, ал эми төртүнчүгө бир тууган Тайлер жана Кэмерон Уинклвосстор 900-1100 миллион байлыгы менен жазылды.

Андан тышкары “Forbes” журналынын рейтингине бул жаатта алгачкы инвестору Мэтью Мэллон, Coinbase криптовалюта биржасын негиздеген Брайан Армстронг, Bloq блокчейн-стартапын негиздегендердин бири Мэтью Рожак жана башка бул тармакта иш алып барган ишкерлер киргизилди.

“Айрым адамдарды жазбай калганыбызды билебиз. Ошондой эле биз берген баа чындыктан алыс болушу мүмкүн. Бирок 1982-жылы биринчи жолу 400 бай америкалык тууралуу рейтинг чыгарганыбызда көптөрү бизге түрдүү сындарды айткан. Бирок биз бул тармактарда өз жыйынтыктарыбызды чыгарып, байлыкты санап келебиз. Мындай масштабдагы байлык көлөкөдө жашыруун калбашы керек”,-деген “Forbes” журналынын башкы редактору Рэндалл Лейн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!