Казакстандын автобустарына диван коюлган

8-Фев. 2018, Бейшемби, 17:49

Шымкент шаарында отургучтардын ордуна тери капталган диван орнотулган маршруттук автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатканын маалымат каражаттары жазды. Бул тууралуу кабардын автору “Шымкентте эмнелер гана жок?",-деген суроо койгон.

Мындай жайлуу шартты 60-маршруттагы автобустун демилгечи айдоочусу түзгөн. Журналисттер аталган багыттагы коомдук унаа 47 аялдамага барарын эсептеп чыгышкан. “Жол абдан узак жана көп убакыт кетет. Андан улам бул багытта узак жол жүрө тургандарга жолдон уктап алганга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн”,-деп жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!