Кул саткан заманбап борбор бар экен

9-Фев. 2018, Жума, 15:45

Англиянын түштүк батышындагы Корнуолл графтыгында гүл фермасында кулчулукта жүргөн 200дөн ашык мигрант бошотулду.

Гүл фермасы заманбап кул сатуучу борборго окшобойт. Анткен менен 8-февралда бул жактан Чыгыш еврпалык 200 мигрант бошотулду. Кыянатчыл адамдар Литва, Румыния жана Болгариядан келгендердин эмгегин пайдаланып жүрүшкөнү полициянын атайын операциясы учурунда белгилүү болду.

“Бул абдан сейрек көрүнүш. Мен 20 жылдык эмгек тажрыйбамда мынча сандагы курмандыктарды биринчи жолу кездештирип отурам”,-деген Кылмыш полициясынын инспектору Гэйл Виндзор.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү эркектерден турат. Учурда атайын уюштурулган борборго жайгаштырылды. Алар менен “Куткаруу армиясы” сыяктуу кайрымдуулук фонддору жана тиешелүү мамлекеттик кызматтар алектенет.

Полиция адамдарды кул кылганга шектүү үч адамды камакка алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!