Алгачкы Интернет соту түзүлдү

10-Фев. 2018, Ишемби, 13:02

Шанхайда Интернет укугу жана онлайн соода боюнча арыздарды карай турган алгачкы Интернет соту түзүлдү.

Шанхайдагы Чаннин аймактык сотунун билдиргенине караганда онлайн соодада келишпестиктерге окшогон доолор боюнча Интернет аркылуу кайрылууга болот.

Январь айында түзүлгөн сот онлайн соодадагы укук бузуулар, түшүнбөстүктзр сыяктуу 106 доону кабыл алды. Ал эми 2014-жылдан бери Аймактык соту Интернет соодага байланыштуу 1300дөн ашык арыз боюнча өкүм чыгарды.

Онлайн соода жана төлөмгө багыт алган Кытайда түзүлгөн Интернет соту кибердик коопсуздук жана онлайн келишпестиктерди чечүүдө соттук кепилдик менен камсыз кылаары күтүлүүдө.

Аталган өлкөдө алгачкы Интернт соту өткөн жылдын август айында өлкөнүн чыгышындагы Чжэцзян провинциясында түзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!