Жакындарын үйлөрүнө көмүүгө аргасыз

10-Фев. 2018, Ишемби, 13:41

Жаңжал аймактардын жашоочулардын көргөн күнү курусун.

Ирактагы ири Мосул шаары 7 ай мурда ДАИШтен куткарылган. Андан бери тургундар көз жумган жакындарын жерге берүүдө кыйынчылык тартып жатышат.

Фыраттын чыгышындагы Менкубе аймагында жашаган 60 жаштагы Ум Аммар балдарын жер төлөөсүнө жашырууга аргасыз болгондордун бири.

Барын өз колум менен көмдүм

“Sputnik” сайтына маек берген Аммар “Жаңжал учурунда үй-бүлөмдөгү беш адамдан айрылдым. Барын өз колум менен көмдүм. Алгач жубайым, андан соң 36 жаштагы уулум Башар эль Абиди көз жумду. Террорчулар уулуму өздөрүнүн катарына кошуу үчүн кыйнады. Ага макул болбогондо уулуму жок кылышты. Шаарды бошотуу үчүн бомбалоолордо Башардын аялы жабыркап, баса албаса, балдары жетим калды”,-деди.

Андан соң 22 жаштагы уулу Салих көз жумганын, аны да өз колу менен көмгөнүн айткан Аммар Мазардын үстүн болгону эки килем жаап турарын билдирди.

Аммар эл аралык коомчулукка, Эл аралык гуманитардык уюмдардан, ыктыярчылардан шаарга келип, бул көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Мосулда Аммардыкындай тагдырга кабылгандардын саны жетишээрлик. Тургундардын айтымында бир тобу туугандарынан айрылганын, аларды үйлөрүнүн астына жашырууга аргасыз болгонун айтып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!